КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки жумалык Комплекстүү окутуу программасы башталды.
Комплекстүү окутуу программасы 16-февралдан 27-февралга чейин уланат.
Сот адилеттигинин жогорку мектебинде судьялардын квалификациясын жогорулатуу боюнча сот системасына байланыштуу маанилүү темаларды камтыган окутуулар ар дайым өткөрүлүп келет.
Окуунун биринчи күнү судьялардын жүрүм-турумунун этикалык ченемдери темасынан башталып, адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана аларды Кыргыз Республикасынын сот чечимдеринде имплементациялоо, ошондой эле адам укуктарын соттук коргоодо КРнын Эл аралык милдеттенмелери (БУУнун Комитеттеринин сунуштамаларынын мисалында) темасы менен уланат.
Кийинки күндөрү ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча талаш-тартыштар жана аны эсептөө, процесстик мөөнөттөр, доонун эскирүү мөөнөттөрү, аларды жарандык жана экономикалык иштерди кароодо колдонуу, далил жана жарандык процесстеги далилдөө, жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттун чечими, жарандык жана экономикалык иштер боюнча жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жана башка жарандык ишке байланыштуу темалар каралат.
Ошондой эле, окуутуунун алкагында Ч үй облустук сотунун судьясы Воронцова Ирина Николаевна менен биргеликте учурдагы КР коррупцияга каршы саясаты жана сот системасындагы коррупциянын алдын алуу темасы каралат.
Бардык темалар Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары иштеп чыккан электрондук окуу куралдары менен камсыздалат.
Окутуунун аягында катышуучуларга күбөлүктөр тапшырылат.








