КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КРнын жергиликтүү сотторунун биринчи инстанциясынан экинчи инстанцияга которулган судьяларын окутуу улантылууда. Окутуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 28.03.25-жылдагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө» №106 Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Семинар жарандык жана кылмыш иштерин караган судьялар үчүн «Кылмыш-жаза иштери боюнча соттук териштирүүнү алып баруунун практикалык көндүмдөрү (апелляциялык инстанция)», «Кылмыш-жаза иштери боюнча апелляциялык инстанциядагы сотто иш өндүрүшү» жана «Апелляциялык инстанциядагы сотто жарандык процессте далилдерди изилдөөнүн тартиби жана чектери» деген темаларда өткөрүлүп жатат.
Лекторлор Чүй облустук сотунун судьясы Воронцова Ирина Николаевна, Чүй облустук сотунун төрагасынын кылмыш-жаза жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча орун басары Сабитова Жамиля Сабитовна жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Доспаева Кунтуган Ахмеджановна.
Окутуу учурунда катышуучулар соттук териштирүүнүн жалпы шарттары, КР ЖПК боюнча соттук териштирүүнүн түзүмү ошондой эле, апелляциялык инстанцияда кылмыш-жаза жана жарандык иштерин кайра кароонун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу темаларын карашат. Бул катышуучуларга апелляциялык сотто далилдерди изилдөө боюнча керектүү көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет.
Семинар Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан берилген окуу куралдары менен коштолуп, сот отурумдарынын окуу залында жалпы талкуулоо жана практикалык сабактар менен пландаштырылган.
Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.