Семинардын биринчи күнүндө юридика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мусабекова Чынара Абдыбакасовна жана Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин (НААММА) Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Иминов Айбек Жакенович «Кыргыз Республикасында диний жана башка ишенимдердин эркиндиги: укуктук жөнгө салуунун жана айрым маселелерди конституциялык жана эл аралык стандарттарга карата кароонун практикасы» темасында лектор болушту.
Бул тема диний жамааттын басмырлоону көрсөтүүгө байланыштуу айрым маселелерди укуктук жөнгө салуу жана кароо практикасына, абийир жана дин тутуу эркиндиги укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылгандыгы жана дин тутуу эркиндиги мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мыйзам тарабынан белгиленген тыюу салуулар жана жоопкерчиликктер тууралуу.
Экинчи күнү аппарат кызматкерлери үчүн Ош шаардык сотунун судьясы Сыдыгалиев Бактыбек Арленович жана “Адилет Сот” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Мамыкин Григорий Петрович “АМС жергиликтүү сот (“Сот”, “МКСА” жана “АВФ”)”темасында лектор болушат.
Бул окутуунун максаты-катышуучуларды “Сот отурумдарын аудио-видео фиксациялоо жана протоколдоо» программалык — аппараттык комплексинин каражаттарын колдонуунун практикалык көндүмдөрүнө үйрөтүү болуп саналат.
Семинардын соңунда угуучуларга сертификаттар тапшырылат.








