Бүгүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергиликтүү сотторунун судьялары, прокурорлору жана адвокаттары менен биргеликте «Кылмыш-жаза процессинде тараптардын атаандаштык принциби. Кылмыш-жаза иштери боюнча процессти алып баруунун практикалык көндүмдөрү» темасында семинар өтүп жатат.
Семинардын максаты угуучуларга атаандаштык процесстин шарттарында жазык иштер боюнча соттук отурумдарга катышуу эрежелерин үйрөтүү, судьялардын, прокурорлордун жана адвокаттардын соттук териштирүүгө катышуу өзгөчөлүктөрүн жана процесстик жүрүм-турумун изилдөө жана талдоо, аларга иш боюнча тараптардын теңдигин камсыз кылуу, иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилдөө жана ал боюнча мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечим чыгаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү көндүмдөрүн берүү болуп саналат.
Лекторлор Чүй облустук сотунун судьясы Воронцова Ирина Николаевна жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө Башкы башкармалыгынын улук прокурору Абдышев Медербек Шаршенович болот.
Окуу учурунда угуучулар атаандаштык принцибинин негизинде сот адилеттигин ишке ашыруу, атаандаштык принцибин ишке ашыруудагы көйгөйлөр, коргоочу тарап кылмыш-жаза иштери боюнча сот өндүрүшүнүн атаандаштыгынын элементи, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө атаандаштыктын шарттарында мамлекеттик айыптоочунун милдеттери сыяктуу маселелерди талкуулашат.
Талкуу практикалык көндүмдөр менен коштолуп, семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшылырат.








