Бүгүн, 9-апрелде КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар башталды.
Семинар учурунда катышуучулар бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө
талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрү, бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу, менчик укугу жөнүндө талаштарды соттордун кароосу, ээлик кылуунун эскиргендиги, бүтүмдөрдү жарактуу деп таануу, ак ниет сатып алуучунун укугун коргоо жана өзүм билемдик менен курулган имаратты бузуу сыяктуу маселелер каралат.
Лекторлор КР Жогорку сотунун судьясы Мельникова Маргарита Павловна жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Давлетбаева Мадина Акремовна болушат.
Окуунун максаты менчик укугу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны, менчик укугу жөнүндө талаш-тартыштардын түрлөрүн жана аларды соттор тарабынан чечүү тартибин, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун угуучулар менен кароо болуп саналат.
Мындан сырткары, катышуучулар менен бирге бүтүмдөрдү талашуудан келип чыккан доолордун ар кандай түрлөрүн, талаш-тартыш жана арзыбаган бүтүмдөрдүн ортосундагы айырманы, ошондой эле бул талаш-тартыштарды кароонун өзгөчөлүктөрүн талдоо каралган.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар практикалык сабактарды өтүшөт жана семинардын аягында аларга сертификаттар тапшырылат.








