Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинин 2 курсунун студенттери үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Иш чара келечектеги юристтерди Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иши жана анын өлкөдөгү сот адилеттиги системасындагы мааниси менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
Иш чаранын башында студенттер экинчи инстанциядагы жарандык коллегиянын судьялары үчүн Сот адилеттигинин жогорку мектебинде өткөрүлүп жаткан комплекстүү окутуу программасына катыша алышты.
Андан соң алар имитациялык залды көрүшкөндөн кийин онлайн-конференция залына барышып, ал жактан Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы специалисти Айсаев Максат өлкөдөгү сот адилеттигин камсыз кылууда маанилүү роль ойногон судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча алып барылган иштер тууралуу кеңири айтып берди.
Сот адилеттигинин Жогорку мектебиндеги ачык эшик күнү студенттерге сот тутумунун кызматкерлерин окутуу жана даярдоо процессин көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.