Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна карштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергиликтүү сотторунун судьяларына эки күндүк тренинг өттү.
Лектор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Эркинбек Мамыров болуп, ал «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өндүрүшүнө кайрылууларды кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттук коллегиялардын аныктамаларына даттанууларды кароонун өзгөчөлүктөрү. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна судьянын (судьялардын, коллегиянын) суроо-талабын даярдоо», «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин жергиликтүү соттор тарабынан колдонуунун өзгөчөлүктөрү» деген темада лекция окуду.
Окутуунун алкагында катышуучулар Конституциялык сот тарабынан кайрылууну кабыл алуу же аны четке кагуу – Конституциялык сот процессинин стадиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өндүрүшүнө соттук коллегиялардын кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамаларына даттануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин жергиликтүү соттор тарабынан колдонуунун өзгөчөлүктөрү темаларын талкуулашты.
Тренинг судьяларды Конституциялык сотто кайрылууларды кароо үчүн себептерди жана негиздерди аныктоонун практикалык көндүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өндүрүшүнө кайрылууларды кабыл алуу жана андан баш тартуу учурларына, аныктамаларга даттануу учурларына окутууга багытталган.








