KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамга карата сыйлоо аземи болду

05 марта 2026

5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду.


Сыйлык тапшыруу учурунда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов коллективди кесиптик майрамы менен куттуктап, ак ниет иш үчүн ыраазычылык билдирди. Кызматкерлерге ишинде ийгиликтерди, чын ден соолук, бакубатчылык жана жетишкендиктерди каалады.


Иш-чарада Эркинбек Токтомамбетов кызматкерлерди ак ниет, алгылыктуу жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарган кызматкерлерди ведомствалык сыйлыктар менен сыйлады. Ошондой эле, улуттук баалуулуктарды жана коомдун руханий-маданий өнүгүүсүн күчөтүүгө багытталган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик ” доктринасын жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбековго Алкыш жарыялады.


Ардак громата менен: Зоотбек кызы Акылай, Осмонова Медина, Айнагул Эгембердиева


Ыраазычылык кат менен: Талантбеков Нурбек, Эдилбек кызы Ахтита, Рыспекова Айтбубу сыйланды