Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде «Кылмыш-жаза процессинде тараптардын атаандаштык принциби. Кылмыш-жаза иштери боюнча процессти алып баруунун практикалык көндүмдөрү» аталышындагы темада жергиликтүү соттордун судьялары, прокурорлор жана адвокаттар үчүн эки күндүк семинар башталды.
Бул семинардын максаты угуучуларды атаандаштык процесс шартында жазык жана жарандык иштер боюнча соттук отурумдарга катышуу эрежелерине окутуу. Аларга иш боюнча тараптардын теңдигин камсыз кылуу, иштин жагдайларын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө жана ал боюнча мыйзамдуу, негизделген адилеттүү чечим чыгаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү көндүмдөрүн үйрөтүү болуп саналат.
Лектор катары Воронцова Ирина Николаевна – Чүй облустук сотунун судьясы, Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу жана Абдышев Медербек Шаршенович — Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө Башкы башкармалыгынын улук прокурору чыгышат.
Биринчи күнү катышуучуларатаандаштык принцибинин негизинде сот адилеттигин жүргүзүү маселелерин, ошондой эле бул принципти ишке ашыруу көйгөйлөрүн карашат.Мындан тышкары, “Коргоочу тарап кылмыш-жаза иштери боюнча сот өндүрүшүнүн атаандаштыгынын элементи катары” деген тема дагы талкууланат. Семинарталкуулар жана практикалык сабактар менен коштолот.
Экинчикүн “Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө атаандаштыктын шарттарында прокурордун милдеттери”, “Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө атаандаштыктын шарттарында адвокаттын ролу” темаларына арналат.Семинардынжүрүшүндөкатышуучуларкаралып жаткан темаларга байланыштуу кейстерди талдап чыгышат.
Семинардын соңунда катышуучулар анкета толтуруп, андан соң аларга сертификаттар тапшырылат.