Бүгүн, 2024-жылдын 26-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева Кыргызстандагы калпты аныктоо борборунун негиздөөчүсү, полиграфолог Ксения Савельева жана психолог, профайлер Арсланбек Камчыбеков менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү Таалайбек Алыбаев катышты.
Жолугушуу учурунда Ксения Савельева борбордун ишмердүүлүгүн тааныштырып, анын негизги багыттары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, борбор аң-сезимдүү түрдө көзөмөлдөө кыйын болгон физиологиялык факторлорду анализдейт.
«Биз көбүнчө укук коргоо органдары, адвокаттар менен кызматташабыз, ошондой эле кээде соттун токтомунун негизинде изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Бул практика, айрыкча, далилдер же издер жетишсиз болгон учурларда талап кылынат», — деп белгиледи Савельева.
Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева кызматташууга даяр экендигин билдирип, судьялар үчүн жаңы инструменттерди үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи:
«Биздин мектепте судьялар үчүн психология боюнча семинарлар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Полиграфология жана профайлинг системасын өздөштүрүү биздин угуучулар үчүн, өзгөчө татаал соттук талаштарда, пайдалуу болоруна ишенем».
Тараптар кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, судьялардын психология жана полиграфология менен иштөө чеберчилигин жогорулатууга багытталган мындан аркы кызматташуу жөнүндө макулдашышты.