2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ECOSOC) алдындагы консультативдик макамына ээ Эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Айгүл Абдыкеримова, ошондой эле окутуучулар Гүлнара Дүйшөнбекова жана Эркинбек Мамыров катышты.
Эл аралык укук коргоо уюм тарабынан Евразия регионундагы укук маселелери боюнча кеңешчиси Дарьяна Грязнова жана Евразия аймагы боюнча консультанты Жанет Ахильгова катышты.
Жолугушуу Equality Now уюмунун демилгеси менен сексуалдык зомбулукка жана сексуалдык эксплуатациялоого, зыяндуу тажрыйбаларга каршы күрөшүү, ошондой эле укуктук теңчиликти камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды, аялдардын жана кыздардын укугун коргоодо укук колдонуу практикасын бекемдөө боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон формаларын талкуулоо максатында уюштурулду.
Тараптар сексуалдык зомбулукка, балдардын эрте жана мажбурлап никеге турууга каршы туруу маселелерин, ошондой эле БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга карата корутунду эскертүүлөрүн аткаруу боюнча жаңы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.