Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү сотторунун судьялары, аксакалдар соттору, сот аткаруучулар менен биргеликте тегерек стол өттү.
Модератор катары Баткен облустук сотунун судьясы Майрам Дюшембиева жана Чүй облустук сотунун судьясы Аниса Рыспекова болушту.
Иш-чара учурунда катышуучулар Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотунун практикасын, көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашып, аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздери тууралуу да сөз болду. Ошондой эле, аксакалдар сотторунун чечимдери, алардын чечимдерине даттануу жана аткаруу барагынын берүү темасы да козголду.
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19 февралындагы «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына өзгөчө көңүл бурулду. Жогорудагы мыйзамдын 5 беренесине ылайык Аксакалдар сотторунун негизги милдеттерине жарандардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу, мыйзамдуулукту бекемдөөгө көмөктөшүү, укук тартибин камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле социалдык чыр-чатактарды алардын пайда болушунун баштапкы этабында жоюу, жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо кирет.
Ошондой эле Аксакалдар соттору ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.
Мындай ыкма сот системасынын жүктөмүн азайтып талаш-тартыштарды, соттон сырткаркы тартипте жөнгө салууга жардам берет.








