KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде соттордун аппарат кызматкерлерине Комплекстүү окутуу программасы өткөрүлүүдө

21 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликт соттордун аппарат кызматкерлери үчүн беш күндүк Комплекстүү окутуу программасы башталды.


Лекторлор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле маалыматтык технологиялар мекемесинин адистери.


Программа катышуучулардын квалификациясын жана кесиптик билимин жогорулатууга багытталган.


Окутуунун алгачкы эки күнүндө угуучуларга сот түзүлүшү, сот системасы, мамлекеттик кызматкердин этикасы жана имиджи, коррупцияга каршы аракеттенүү саясаты жана адам укуктарын коргоонун эл аралык жана улуттук механизмдерине байланыштуу маанилүү темалар каралат.


Андан кийин, катышуучулардын ишине байланыштуу иш кагаздарын жүргүзүү, протоколду жана сот ишин тариздөө, сот актыларын жазуу жана жарыялоо боюнча көрсөтмөлөрдү колдонуу, кылмыш жана жарандык иштерди тариздөө жана башка маселелерге байланышкан ар кандай темалар каралат.


Окуунун соңунда  катышуучулар жыйынтыктоочу тесттен өтүшүп, анын жыйынтыгы боюнча программаны өздөштүргөндүгүн тастыктаган квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылат.