Бүгүн Жогорку Сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биргелешкен эки күндүк тренинг башталды.
Лекторлор Саргалдакова Жеңиш Зарлыковна — Юридика илимдеринин кандидаты, КРСУ жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти, Баякунова Динара Кулубековна – Кыргызпатенттин окутуу секторунун башчысы, Исмаилов Анарбек Касымович — Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич – Бишкек шаардык сотунун судьясы, Сатаров Улан Мелисович – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу болушту.
Биринчи күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордук судьялары үчүн «Интеллектуалдык менчиктин өзгөчө укуктары жөнүндө жалпы жоболор: патенттик укук, автордук укук жана чектеш укуктар» темасы каралып, катышуучулар укуктарды коргоо боюнча талаштардын категорияларын, мындай органдардын мөөнөтүн жана коргоо системасын, ошондой эле, интеллектуалдык менчик жаатындагы объектилерге укуктарды коргоону талкуулашат.
Бул тема патенттик менчик, автордук жана чектеш укуктардын укуктук негиздерин, ошондой эле талаш-тартыштарды кароо жана өзгөчө укуктарды коргоо тартибин терең изилдөөгө багытталган.
Экинчи күнү прокурорлор жана сот аткаруучулар менен биргеликте «Сот аткаруучулардын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашкан иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү» темасы каралат. Анда катышуучулар ишти кароонун процесстик өзгөчөлүктөрүн, сот аткаруучунун аракетин жана аркетсиздигин даттануу менен байланышкан субъективдүү курамын, ошондой эле сот аткаруучунун токтомдоруна, аракеттерине (аркетсиздигине) соттук тартипте даттануун тартибин, процесстик мөөнөттөрүн жана башка аспектилерин талкуулашат.
Тренинг аяктагандан кийин угуучулар аткаруу өндүрүшүнүн алкагында сот аткаруучулардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу жаңы мыйзамдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүшөт. Окуунун максаты катышуучуларды көрсөтүлгөн категориядагы иштерди кароонун зарыл көндүмдөрүнө жана алар боюнча соттук актыларды жана башка процесстик документтерди мыйзамдуу кабыл алууга үйрөтүү болуп саналат.
Тренинг практикалык тапшырмалар жана пикир алмашуу менен коштолуп, аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.