Бүгүн, 2026-жылдын 9-февралында окууга тартылган лекторлор үчүн эки күндүк тренинг башталды. Аталган тренинг КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.
Лекторлор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Айтбаева Индира Мукашевна жана КР Улуттук илимдер академиясынын аппаратынын башкы адиси Максимбекова Дильбара Ибрахимовна болушат.
Эки күн аралыгында катышуучулар машыктыруучулуктун профессионалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган темаларды өтүшөт.
Окутуу жеке жана институционалдык муктаждыктарды эске алуу менен тренингдерди өткөрүүгө мүмкүндүк берген окутуу муктаждыктарын баалоо ыкмаларын карап чыгуудан башталат. Андан ары катышуучулар иштин натыйжаларына негизделген окуу максаттарын иштеп чыгууну, Окуу планын даярдоону өздөштүрүшөт жана активдүү окутуу ыкмалары менен таанышышат.
Мында тренингди өткөрүү этабына өзгөчө көңүл бурулат, анын алкагында катышуучулар окутуунун өздүк стилин талдашат, фасилитатордун ролун өздөштүрүшөт, натыйжалуу коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүшөт, ошондой эле окуу процессиндеги оор кырдаалдар менен иштөө ыкмаларын үйрөнүшөт. Программа ошондой эле окуу куралынын түзүмүн жана методикасын, окутуу модулунун деталдуу планын даярдоону жана тренингди өткөрүүгө байланыштуу башка темаларды камтыйт. Окутуунун жыйынтыктоочу этабы алган билимдерин жана көндүмдөрүн жумуш ордуна колдонууга көмөктөшүүчү пост-тренингдик иш-чараларга арналган.
Окутуу окуу куралдары менен коштолуп, тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.








