KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде II инстанциядагы судьялар үчүн Комплекстүү окутуу программасы башталды

24 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде экинчи инстанциядагы жарандык коллегиянын судьяларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча эки жумалык Комплекстүү окутуу программасы башталды.


Программа “2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу үчүн Судьялар Кеңешинин чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругу менен бекитилген.


Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева сүйлөдү.


Окуунун жүрүшүндө катышуучулар жарандык процесс учурунда актуалдуу маселелер боюнча өз билимин тереңдетүүгө, мыйзамдардагы жана соттук практикадагы өзгөртүүлөрдү талкуулоого, ошондой эле кесиптештер бири бири менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышат.


Лекторлоркатары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, Жогорку соттун судьялары, ошондой эле иштеп жаткан судьялар өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүшөт.


Программанын аягында катышуучулар өздөштүрүлгөн темалар боюнча тестирлөөдөн өтүп, анын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүлөт. Окуунун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылат.