KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде соттордун аппарат кызматкерлери үчүн Комплекстүү окутуу программасы аягына чыкты

25 апреля 2025

2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери үчүн уюштурулган Комплекстүү окутуу программасы аягына чыкты. Беш күнгө созулган окутуу сот системасындагы жана сот аппаратынын кызматкерлердин кесиптик билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган.


Окутуунун алкагында Кыргыз Республикасынын сот түзүлүшү жана сот тутуму, мамлекеттик кызматчынын этикасы жана имиджи, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, сот тутумундагы коррупцияга каршы саясат жана коррупциянын алдын алуу, ошондой эле адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана аларды Кыргыз Республикасынын сот чечимдерине имплементациялоо маселелери каралды. Ишкердик байланыш, жазык жана жарандык иштер боюнча кыргыз тилиндеги юридикалык терминология, биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу, протоколдорду жана соттук иштерди тариздөө тартиби, иш кагаздарын жүргүзүү жана соттук актыларды жарыялоо эрежелери боюнча нускамаларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Ошондой эле угуучулар судьянын жардамчысынын жана сот отурумунун катчысынын укуктук статусу жана функционалдык милдеттери, жарандык жана жазык иштери боюнча материалдарды даярдоо жана тариздөө тартиби, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткаруу жол-жоболору жана процесстик документтердин түзүлүшү менен таанышышты. Соттук териштирүүлөрдү жаздыруу  маселелери, анын ичинде аудио-видеофиксациялоо системасын (АВФ) колдонуу, ошондой эле буюмдук далилдерди кабыл алуу, сактоо жана жок кылуу эрежелери, архивдик иштерди жок кылуу мөөнөттөрү жана Соттук актылардын мамлекеттик реестри (САМР) менен иштөө тартиби тууралуу темаларыкаралды.


Окуунун соңунда угуучулар модулдук тестирлөөдөн өтүп, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды.