Бүгүн, 2024-жылы 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биринчи жолу дайындалган судьялар үчүн комплекстүү окутуу аяктады. Окуудан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 19 судьясы өттү.
Окуу бекитилген планга ылайык 2024-жылдын 7-октябрынан 4-декабрына чейин өткөрүлдү. Программа 320 саатты, 64 теманы камтып, окуу 57 күнүгө созулду. Жыйынтыгында угуучулар 1 саат 40 мүнөткө созулган жыйынтыктоочу компьютердик тест тапшырышты.
Ошондой эле, окууну ийгиликтүү аяктаган жана жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өткөн судьяларга окуу программасын өздөштүргөндүгүн тастыктаган күбөлүктөр тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык окууну аяктаган судьялар такшалмага жөнөтүлөт. Такшалманын жалпы мөөнөтү 6 жуманы (240 саат) түзөт, анын ичинде:
— Конституциялык сотто — 3 жумушчу күн (20 саат);
— Жогорку сотто — 3 жумушчу күн (20 саат);
— апелляциялык инстанциядагы соттордо 5 жумушчу күн (40 саат);
— биринчи инстанциядагы соттордо — 20 жумушчу күн (160 саат).
Такшалма комплекстүү окутуу программасынын негизги бөлүгү болуп саналат жана бардык инстанциялардагы соттордо өткөрүлөт, ар бир судьяга тажрыйбалуу соттордун ичинен такшалма жетекчиси бекитилет.