KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Адам укуктары боюнча VI Евразиялык форум «Адам укуктары: мыйзамдык жөнгө салуу жана аткаруу практикасы»

06 декабря 2024

6-декабрь 2024-жылы онлайн форматта Казакстан Республикасынын Жогорку Сот адилеттигинин академиясы тарабынан уюштурулган адам укуктары боюнча VI Евразиялык форуму болуп өттү. Форум адам укуктары жаатындагы мыйзамдык жөнгө салуунун жана укук колдонуу практикасынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Евразия өлкөлөрүнүн алдыңкы эксперттери, судьялары, юристтери жана окутуучулары катышты.


Форумду Казакстан Республикасынын Жогорку соттук Кеңешинин Төрагасы Дмитрий Михайлович Малахов ачып, адам укуктарын коргоо системасын өнүктүрүү үчүн эл аралык кызматташтыктын маанисин баса белгиледи. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Айтбаева Индира Мукшевна, Доспаева Кунтуган Ахмеджановна жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун экс-судьясы Курбанова Чинара Джалиловна катышты. Форумда юридика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун экс-судьясы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мусабекова Чынара Абдыбакасовна «Кыргыз Республикасынын сот актыларында адам укуктарын коргоонун Эл аралык стандарттары» темасында баяндама жасап, анда улуттук сот практикасында эл аралык ченемдердин колдонулушун ачып, укуктун үстөмдүгүн бекемдөө үчүн аларды интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.


Катышуучулар укук колдонуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу үчүн мындан аркы кызматташуунун зарылдыгын белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Евразия регионунда укук коргоо системасын андан ары өнүктүрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгышты. Форум тажрыйба жана билим алмашуу укуктарын коргоонун улуттук системаларын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.