Сот тутумунун ишин жакшыртууга жана жарандардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Жарандык-процесстик кодекске маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген. Өзгөртүүлөр буйрук өндүрүшүн жүргүзүү тартибине да болуп, мурда соттордун юрисдикциясында гана ишке ашырылып келген айрым буйрук өндүрүшүн жүргүзүүдөгү ыйгарым укуктар жарым-жартылай нотариаттарга өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда, нотариат жөнүндө да мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.
Алсак, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 1001 ,1002 – беренелерине нотариустун нотариалдык буйруктарды чыгаруу милдетин белгилеген нормалар киргизилди. Аталган Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча нотариалдык буйрук төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:
1) талап нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;
2) талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделсе;
3) талап векселдин төлөнбөгөндүгүнө, акцепт болбогондугуна жана акцептке датасы коюлбагандыгына нотариус тарабынан жасалган протест негизделсе;
4) жашы жете элек балдарга аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган алимент өндүрүп алуу жөнүндө талаптар билдирилсе;
5) салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча үстөк айыпты эсепке албастан карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе;
6) кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.
Нотариалдык буйрук бир эле убакта аткаруу документи болуп саналат жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аткарылат.
Бул өзгөрүүлөргө байланыштуу Нотариат мектебинде нотариустар үчүн тренинг уюштурулуп, анда лектор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору, юридика илимдеринин кандидаты, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Смаилова Асель Асылбековна болду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар буйрук өндүрүшү боюнча мыйзамдарды колдонуу маселелерин кеңири талдашты.