Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биринчи жолу дайындалган судьялар комплекстүү программалык окууну аяктагандан кийин соттордо такшалмадан өтө башташты. Бекитилген окуу планына ылайык, окутуу 2024-жылдын 7-октябрынан 4-декабрына чейин уланган. Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартиби жөнүндө Жобо боюнча окууну аяктаган судьялар жалпы мөөнөтү 6 жуманы түзгөн такшалмадан өтүшөт.
- Конституциялык сотто — 3 жумушчу күн (20 саат);
- Жогорку сотто — 3 жумушчу күн (20 саат);
- апелляциялык инстанциядагы соттордо 5 жумушчу күн (40 саат);
- биринчи инстанциядагы соттордо — 20 жумушчу күн (160 саат).
Такшалма өтүүнүн негизги максаты: сот ишинин өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү, профессионалдык билимин, көндүмдөрүн калыптандыруу жана бекитүү, соттук кызматта иштөө үчүн керектүү практикалык көндүмдөрдү алуу.
Такшалма комплекстүү окутуу программасынын негизги бөлүгү болуп саналат жана бардык инстанциялардагы соттордо өткөрүлөт, ар бир судьяга тажрыйбалуу соттордун ичинен такшалма жетекчиси бекитилет.
Окуудан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 19 судьясы өттү.