KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Биринчи жолу дайындалган судьялар комплекстүү программалык окууну аяктагандан кийин соттордо такшалмадан өтүүнү улантышууда

14 января 2025

Биринчи жолу дайындалган судьялар комплекстүү программалык окууну аяктагандан кийин соттордо такшалмадан өтүүнү улантышууда. Учурда, апелляциялык инстанциядагы соттордо 5 жумушчу күнгө созулган такшалманы өтүшүүдө.


Жобо боюнча окууну аяктаган судьялар жалпы мөөнөтү 6 жуманы түзгөн такшалмадан өтүшөт.


Такшалманын максаты сот ишинин өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүгө, профессионалдык билимин, көндүмдөрүн калыптандыруу жана бекитүү, соттук кызматта иштөө үчүн керектүү практикалык көндүмдөрдү алуу болуп саналат.


Бекитилген окуу планына ылайык, 2024-жылдын 7-октябрынан 4-декабрына чейин уланган окуудан жергиликтүү сотторунун 19 судьясы өттү.