Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун биринчи жолу дайындалган судьялары такшалма учурунда жасаган иштери жөнүндө өз отчетторун тапшырышты.
Аталган судьялар Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Комплекстүү окутуу программасын аяктагандан кийин, КРнын жергиликтүү сотторуна биринчи жолу дайындалган судьяларына такшалма уюштруу эрежелерине ылайык такшалмадан өтүүгө жиберилген.Такшалманын жалпы узактыгы алты жуманы түздү.
Биринчи жолу дайындалган судьялар биринчи инстанциядагы соттордо, апелляциялык инстанциядагы соттордо ошондой эле Жогорку сотто жана Конституциялык сотто такшалмадан өтүштү.
Такшалманын программасында сотто иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу менен таанышуу, жазык, жарандык жана административдик иштерди жана сот өндүрүшүндө турган башка материалдарды изилдөө, иштерди кароого катышуу, соттук актылардын долбоорлорун даярдоо, маалымкаттарды, талдоолорду жана соттук практиканы жалпылоону түзүүгө байланышкан маселелерди чечүү каралган.
Такшалмадан өтөөрдүн алдында судьяларга күндөлүк берилген, ага ылайык такшалмадан өтүү орду, аткарылган иштин мөөнөтү жана көлөмү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Такшалмадан өтүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет түзүлөт. Отчетко такшалмадан өтүү убагында судья өзү түзгөн процессуалдык жана башка документтердин үлгүлөрү тиркелүүгө тийиш, аларга такшалманын жетекчисинин жана өзүнүн колу коюлушу керек.
Такшалма аяктагандан кийин жетекчи тарабынан күндөлүккө корутунду жазылып, анда такшалмадан өтүүнүн жыйынтыктары, билимдеринин, жөндөмдөрүнүн жана көндүмдөрүнүн деңгээли жана судьянын өз алдынча иштөөгө даярдыгынын деңгээли чагылдырылат.
Программа аяктагандан кийин судьялар өз отчетторун бардык зарыл материалдарды тиркөө менен Сот адилеттигинин жогорку мектебине тапшырышты.








