Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын “Судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 5-бөлүгүнүн 23-статьясына ылайык жумушчу топ түзүлүп, талапкерлердин резервине киргизилген судьянын кызмат ордуна талапкерди окутуу программасын иштеп чыгуу боюнча ишин баштады.
Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамга ылайык, Талапкерлердин резервине киргизилген судьянын кызмат ордуна талапкер Судьялар кеңеши тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө Жогорку сотко караштуу Сот адилеттиги жогорку мектебинде окуудан жана жалпы юрисдикциядагы соттордо такшалмадан өтүүгө тийиш. Окуу жана такшалмадан өтүү мезгилинде иштеп жаткан талапкердин негизги жумуш орду сакталат.
Жумушчу топтун курамына, КР Судьялар кеңешинин, КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле Сот адилеттигин жогорку мектебинин окутуучулары кирди. Жумушчу топ талапкерлердин резервине киргизилген судьянын кызмат ордуна талапкерлер үчүн окутуу программасын иштеп чыгышмакчы.
Жумушчу топтун ишинин башталышы конституциялык Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруунун маанилүү этабы болуп саналып, Кыргыз Республикасынын судьяларынын кесипкөй, компетенттүү жана көз карандысыз корпусун түзүүгө багытталган.








