Бүгүн, 2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Таалайкүл Кадыркулова Кыргызстан Эл аралык университетинин юридикалык факультетинин 3-4-курстарынын студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууга ошондой эле юридика илимдеринин кандидаты, Эл аралык университетинин Карьераны өнүктүрүү жана бүтүрүүчүлөр менен иштөө борборунун жетекчиси Мира Алиева, юридика илимдеринин кандидаты, «Юриспруденция» багытынын жетекчиси Гүлнара Шейшекеева, ошондой эле декандын тарбия жана социалдык иштер боюнча орун басары Назик Асангулова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө спикерлер судьянын иши, сот ишинин өзгөчөлүктөрү, сот тутумунда иштөөдө зарыл болгон сапаттары жана судьянын болуунун жол-жоболору жөнүндө кеңири айтып беришти.
Сөз башында директор Эркинбек Токтомамбетов келечектеги судья үчүн кынтыксыз кадыр-барк, жоопкерчилик жана эмгекчилдиктин маанилүүлүгүн белгиледи.
«Сиздер али жашсыздар жана өзүңүздөрдү өнүктүрүүгө убакт бар. Убактты туура бөлүштүрүү, сапаттуу билим алуу жана билимди иш жүзүндө колдонуу абдан маанилүү. Жалкоолонбой окуп, иштеп жана тажрыйба топтогонго аракет кылгыла. Алдыга чоң максаттарды коюп, аларга жетүүгө умтулгула», — деп белгиледи Эркинбек Токтомамбетов, студенттерди эмгекчил жана билимдүү болууга чакырды.
Өз кезегинде судья Таалайкүл Кадыркулова кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, сот тутумундагы өзүнүн жолу жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле сот практикасынан реалдуу мисалдарды келтирип, жеңил акча издеген жаштар көп учурда мыйзамды бузуп, темир тор артында кириптер болуп жатканын баса белгиледи. Студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, судья жаштардын иштери боюнча чечим кабыл алуу оор экенин айтты.
Студенттер мыйзам долбоорлору, карьералык өсүү, соттук ишмердүүлүк, жасалма интеллект, киберкылмыштуулук жана башка юриспруденция жаатындагы актуалдуу темаларга тиешелүү суроолоруна жооп алышты.
Жолугушуу ачык диалог форматында өттү жана студенттердин Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өкүлдөрү менен кесиптик баарлашуусу үчүн пайдалуу аянтча болуп берди, бул өз кезегинде жаштар арасында сот тутумунун оң кадыр-баркын калыптандырууга өбөлгө болду.








