КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби сот тутумунун өкүлдөрү менен Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн жолугушуу уюштурду.
Жолугушууда Сот адилеттигинин жогорку мекбетинин директору Эркинбек Токтомамбетов, Чүй облустук сотунун Төрагасынын орун басары Жыргал Мурзалиева, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азамат Алыбаев, Ленин райондук сотунун судьясы Азиз Досмамбетов жана КР Жогорку сотунун Аппаратынын бөлүм башчысы Савитахун Исаков катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер судьялардын кесиптик ишмердүүлүгүнө, алардын кесипкой болуп калыптанышына, ошондой эле сот адилеттигин ишке ашырууда туш болгон кыйынчылыктарга байланыштуу кеңири суроолорду беришти. Студенттерди өзгөчө судья болуу үчүн кандай артыкчылыктарга ээ болуу керек жана кандай талаптар коюлган деген суроолор кызыктырды. Ошондой эле, айрым категориядагы иштерли кароонун өзгөчөлүктөрү боюнча да суроолор берилди.
Суроолорго жооп берип жатып судьялар өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Аларга алдыга чоң максаттарды коюп, ага жетүү үчүн талыкпай окуп, эмгектенүү керек экенин эске салышып, ийгилик каалашты.
Жолугушуу жагымдуу маанайда өтүп, студенттер өздөрү кызыккан бардык суроолорго жооп ала алышты.








