KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Ала-Тоо» Эл аралык университети менен Меморандумга кол койду

18 февраля 2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Ала-Тоо» Эл аралык университети» мекемеси менен Меморандумга кол койду.


Меморандумга кол коюу иш-чарасы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Токтомамбетов Эркинбек Божокоевич жана «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин Карьера жана практика борборунун жетекчиси Усубалиева Гульмира Турсунбековнанын катышуусунда өттү.


Меморандумдун максаты тыгыз байланышта кызматташууга жана маалымат алмашууга натыйжалуу окуу процессин уюштурууга багытталган биргелешкен билим берүү программаларын  ишке ашырууга, ошондой эле, тараптардын илимий потенциалын жана практикалык тажрыйбасын пайдалануу менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.


Меморандумду тапшыруу аземинин жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, угуучулар үчүн практикалык даярдоону уюштуруу, илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү планындарын билдиришти.


Кызматташуу тең укуктуулук, өз ара урматтоо, ишеним, ак ниет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоо принциптеринде жүзөгө ашырылат.