KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

05 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби судьяларды жана сот аппаратынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы менен куттуктайт!


Сот системасы укуктук мамлекеттин маанилүү институту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуунун кепили. Сиздердин күн сайын жоопкерчиликтүү ишиңиздер, көз карандысыздык жана калыстык принциптерине берилгендигиңиздер коомдун сот бийлигине болгон ишенимин арттырат.


Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, профессионалдык өсүүнү, чыдамкайлыкты жана чечим кабыл алууда акылмандыкты каалайбыз. Сиздердин ишмердүүлүгүңүзөр ар дайым мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө кызмат кылсын, ал эми эмгегиңиздер татыктуу бааланып, урматталуусуна тилектешпиз.


Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык, туруктуулук жана сот адилеттигине кызмат кылууда ийгиликтерли каалайбыз!


Кесиптик майрамыңыздар менен!