KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби урматтуу окутуучуларды юбилейлик мааракелери менен куттуктайт!

29 августа 2025

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары отставкадагы судьясы Саатов Таалайбек Жапаровичти 65-жаш жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун экс-судьясы, юридика илимдеринин кандидаты, илимий макалалардын жана монографиялардын автору Садыков Эрмек Эрковичти 60-жаш юбилейлик мааракесин белгилешүүдө.


Сот адилеттигининжогоркумектебиУрматтуу окутуучулар Саатов Таалайбек Жапаровичти жана Садыков Эрмек Эрковичти туулган күнүнүн мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайт.


Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, юридикалык билим берүүнүн жана сот адилеттигинин өнүгүшүнө кошкон көп жылдык салымыңыздар терең урматтоого жана чын жүрөктөн баалоого татыктуу. Сиздердин эмгегиңиздердин жана насаатчылыгыңыздардын аркасында жогорку квалификациялуу адистердин бир нече мууну өстү.


Сот адилеттигининжогоркумектеби сиздергекөп жылдык ак ниет эмгегиңиздер, өз кесибиңиздерге берилгендигиңиздер жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.


Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык, жаңы жетишкендиктерди жана түгөнгүс энергия каалайбыз!