2024-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Экологиялык адилеттүүлүк” темасында тренерлер үчүн тренинг (ToT) өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты — айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маселелер боюнча жарандык иштерди чечүү чөйрөсүндө судьяларды квалификациясын жогорулатууга багытталган тренерлерди даярдоо болуп саналат.
Лекторлор:
Арстанбаева Д.Э., Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;
Рыбалкина А.Д., экс-судья;
Болтобаева В.М., укуктук маселелер боюнча эксперт.
Бул тренинг судьяларды окутууда зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле экологиялык мыйзамдарды колдонуу жаатында жергиликтүү соттордун компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Тренингдин программасы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды карап чыгуу, экологиялык талаштарды сотко чейин чечүү тартиби, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жарандык иштерди кароо боюнча соттук жол-жоболор жана практикалык кейстер сыяктуу бир нече тематикалык сессияларды камтыйт.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүшүп, алар мындан ары окуу иш-чараларын өткөрүү боюнча квалификациясын тастыктаган сертификаттарга ээ болушат.