Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) колдоосу менен Түркиянын Сот академиясы тарабынан уюштурулган үч күндүк Эл аралык билим берүү программасы башталды. Иш-чара Түрк тилдүү өлкөлөрдүн сот мекемелеринин ортосундагы туруктуу өнөктөштүктүн алкагында өткөрүлүп, «Жашы жете электерге карата сот адилеттиги» темасына арналды.
Программа катышуучу өлкөлөрдүн сот системалары ортосундагы кесиптик жана академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө, ювеналдык сот адилеттиги чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга, ошондой эле жашы жете электерди укуктук коргоо жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө багытталган. Жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана балдар менен өспүрүмдөргө тиешелүү сот практикасын өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Иш-чара Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA) колдоосу аркылуу төмөнкү мекемелер менен биргеликте өтүүдө:
— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби
— Түркиянын Адилет академиясы
— Өзбекстан Республикасынын Жогорку сот кеңешине караштуу Судьялардын жогорку мектеби
Программага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Жоомартов Күмүшбек Рысбекович, жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси Айсаев Максат катышууда.
Программанынмаксаты — ювеналдыксот адилеттигижаатындатажрыйба алмашуу, ошондой эле катышып жаткан өлкөлөрдүн сот тутумдарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө.
Программанын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Андан сырткары, Түркия Республикасынын Конституциялык соту, Судьялар кеңеши жана прокурорлор менен таанышуу иш-чарасы каралып, анда катышуучулар өлкөнүн негизги сот органдарынын түзүмү жана иши жөнүндө маалымат ала алышат.