KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби жер укугу боюнча Эл аралык онлайн семинар өткөрдү

03 апреля 2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде онлайн-форматтагы Эл аралык окуу-методикалык семинар өттү.


“Кыргыз Республикасындагы жер мамилелери жана жер талаштарын укуктук жөнгө салуу” темасында өткөн семинардын ачылышында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов сөз сүйлөп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Индира Айтбаева “Кыргыз Республикасындагы жер мамилелери жана жер талаш— тартыштарын укуктук жөнгө салуу” темасында доклад окуду.


Индира Айтбаева өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын жаңы Жер кодекси, ошондой эле анын өнүгүү этаптары жана андагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышынын себептерине токтолду.


Аталган семинарга директордун орун басары Айгүл Абдыкеримова жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин башка окутуучулары да катышты.


Иш-чарага В. М. Лебедев атындагы Россия Мамлекеттик сот адилеттиги университетинин Жер жана экологиялык укук кафедрасынын башчысы, ю.и.д., профессору Краснова Ирина Олеговна, ошондой эле аталган университеттин башка факультеттеринин окутуучулары да катышышып, баяндама жасашты.


Россия Мамлекеттик сот адилеттиги университетинин  катышуучулары жалпы пайдалануудагы суу объектилерине кошулуу боюнча жарандардын укуктарын соттук коргоо, жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстары укугу жаатындагы Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун чечимдеринин аткарылышы, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту жазык-укуктук камсыздоо жана бүгүнкү семинардын темаларына байланыштуу башка темалар боюнча доклад окушту.


Мындан тышкары, Тажикстан Республикасынан семинарга Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Жогорку сотуна караштуу судьяларды Окуу борборунун директору Бобохонзода Асомуддин катышты.


Жыйынтыгында катышуучулар семинардын жүрүшүндө көтөрүлгөн актуалдуу маселелерди талкуулап, пикир алмашып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Семинар ачык диалог жана кесипкөй пикир алмашуу атмосферасында өттү.