Кыргыз Респбуликасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин имаратында департаменттин кызматкерлери үчүн антикоррупция, этика жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча семинар өткөрдү.
Иш-чара Сот департаментинин кайрылуусу боюнча Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан өткөрүлдү. Семинарга Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Сот приставдары кызматынын башчысы Шергазы Нурланов жана департаменттин кызматкерлери катышышты.
Семинардын жүрүшүндө лектор Гүлнара Дүйшөнбекова коррупцияга каршы саясат, мамлекет жана Жогорку сот тарабынан коррупциянын алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, ал кандай коррупциялык көрүнүштөр бар экендигин, алар менен кантип күрөшүү керектигин жана коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликти эске салды.
Эрмек Садыков мамлекеттик кызматкердин этикасы жана имиджи, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышы токтолду. Ал өз сөзүндө мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин жана кызматкерлердин ортосундагы, иш учурундагы кесиптештер арасындагы, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу жалпы баалуулуктар жана эрежелер тутуму жөнүндө айтып берди.
Семинардын соңунда угуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бардык кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектеби темага тиешелүү окуу куралдары менен бардык катышуучуларды камсыз кылды.








