Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Жалал-Абад шаарынын Сот адилеттиги үйүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар өткөрдү.
Семинар «Жеткиликтүүлүгү чектелген документтер менен иштөө тартиби», «Буюм далилдерин кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу», «Биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, (протокол) сот ишин тариздөө» деген темада өттү.
Лекторлор Свердлов райондук сотунун судьясы Гульзат Усакпаева, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Айгуль Абдыкеримова жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкери болушту.
Семинардын алкагында жеткиликтүүлүгү чектелген документтер менен иштөө тартиби, биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы жобосу жана уюштуруу, кызматтык документтерди, кызматтык актыларды, соттук иштерди соттук териштирүүгө даярдоо тартиби темалары каралды. Андан сырткары, сот отурумунун протоколу аны түзүү жана ага сын-пикир билдирүү темалары да талкууланды. Ошондой эле, буюм далилдерин кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу маселеси да каралды.
Семинардын максаты угуучуларды иш кагаздарын туура жүргүзүүнү, соттук иштерди жана материалдарды соттук териштирүүгө даярдоону, аларды талаптагыдай тариздөөнү, ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды аткарууну контролдоо боюнча практикалык көндүмдөргө үйрөтүү болуп саналат.








