Бүгүн 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин имаратында «Кыргыз Республикасында диний жана башка ишенимдердин эркиндиги: укуктук жөнгө салуунун жана айрым маселелерди конституциялык жана эл аралык стандарттарга карата кароонун практикасы» деген темада семинар өткөрүүдө.
Аталган семинар жергиликтүү соттордун судьялары, прокуратура органдарынын жана адвокатардын өкүлдөрү үчүн уюштурулган.
Семинардын максаты — абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу чөйрөсүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо судьяларга, прокурорлорго жана адвокаттарга көмөк көрсөтүү, абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоо боюнча конституциялык принциптердин жана эл аралык стандарттардын талаптарын эске алуу менен бул иштерди кароодо алардын квалификациясын жогорулатуу.
Тренерлер: Мусабекова Чынара Абдыбакасовна, юридика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу жана Кожомбердиева Алия Сүйүнбаевна, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
Окутуунун алкагында, дин тутуу эркиндигин жана башка ынанымдарды камсыз кылуунун укуктук негиздери, диний жамааттын юридикалык статуска ээ болуу тартиби, диний ишмердик менен алектенген субъекттеринин ишин токтотуу менен байланышкан иштерди кароонун тартиби, абийир жана дин тутуу эркиндигине укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу, дин тутуу укугун эркиндиги ишке ашыруу чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жана Кыргыз Республикасында материалдарды экстремисттик деп таанууга байланыштуу иштерди кароонун укуктук аспектилери аталышындагы темалар каралат.
Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.