KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Пробацияны колдонуу боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг өткөрүүдө

28 апреля 2025

2025-жылдын 28-29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Пробацияны колдонуу боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг уюштурду.


Иш-чара Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Эл аралык программасынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат.


Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Эл аралык программалык менеджери Джордж Абаджян сүйлөдү.


Тренингдин катышуучулары жети облустан келген жергиликтүү сотторунун биринчи инстанцияларынын судьялары, Башкы прокуратуранын жана Пробация департаментинин кызматкерлери.


Биринчи күнү «Пробация түшүнүгү жана түрлөрү», «Пробацияны колдонууда жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү» темалары каралат.


Тренигдин экинчи күнүндө «Пробация чөйрөсүндөгү санариптештирүү», «Электрондук көзөмөлдү жана мобилдик контролду колдонуу менен пробациянын кардарларына көзөмөлдү ишке ашыруу» жана «Сот органдарынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти менен өз ара аракеттенүү маселелери» талкууланат.


Тренерлер:


—    Астаркулов Данияр Шаршенбекович, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы;


—     Емилбекова Айсулуу Омуровна, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;


— Элмирбек уулу Асэк, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин бухгалтердик эсеп жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси болушат.


Тренингдин максаты — судьяларда пробациянын укуктук табиятын, анын максаттарын жана милдеттерин туруктуу түшүнүүнү калыптандыруу, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү дайындоо жана коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазаларды белгилөө боюнча чечимдерди кабыл алууда укук колдонуу боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу, колдонуудагы ченемдик укуктук актылар, көзөмөлдүн жол-жоболору жана практикалык аспектилери менен таанышуу, ошондой эле соттун чечимдерин аткарууда сот органдары менен пробация органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу.


Семинардын аягында катышуучулар сурамжылоо баракчаларын толтурушуп, андан кийин аларга сертификаттар тапшырылат.