KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын сот системасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда

18 июля 2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдагы 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Рспубликасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2024-жылдагы 23-июлунда № 83 буйругу менен бекитилген иш чаралар планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Рспубликасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттинигин жогорку мектебинде сот системасында коррупцияга каршы механизмдерди өнүктүрүүгө багытталган окутуулар өткөрүлүүдө.


Бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында Сот адилеттигинин жогорку мектебинде комплекстүү окутуу программасындагы “Заманбап Кыргызстандагы коррупцияга каршы саясат. Сот системасындагы коррупциянын алдын алуу” темасы боюнча судьялар жана сот системасынын кызматкерлери окуудан өтүштү.


Ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебин кызматкерлери да жогоруда аталган жана “Кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча  эрежелерди сактоо — коррупциянын алдын алуунун эң маанилүү механизми” деген темаларда окушту.


Андан сырткары, 16-июнда Сот адилеттигинин жогорку мектебинде коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин жумушчу тобунун өкүлдөрү, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, Сот департаментинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык улук сот аткаруучулар, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун бөлүм башчылары катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы үгүттөө жана алдын алуу маселелери боюнча пикир алмашып, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды келтиришти.