Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде «Ар-намысты жана кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу» деген темада жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана сот системасынын басма сөз катчыларына семинар өттү.
Лектор катары Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучуусу Чинара Курбанова болду.
Окуу учурунда катышуучулар ар-намыс, кадыр-барк жана ишкердик бедел түшүнүгү жана мааниси, аны коргоо жөнүндө талаш-тартыштарды сот тарабынан кароо. ошондой эле ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча иштерди кароонун процесстик өзгөчөлүктөрү жана аталган маселелер боюнча укук колдонуу практикасындагы көйгөйлөр сыяктуу темаларды карашты.
Семинар ар-намыс, кадыр-барк жана ишкердик бедел түшүнүктөрүн аныктоого, ушул сыяктуу иштерди кароо тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарды колодонуу жана талаштардын сотко караштуулугун жана таандуулугун аныктоого багытталган. Андан сырткары, ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө талаштар боюнча даттанууларды берүү жана кароо мөөнөттөрү тууралуу да сөз болду.
Семинардын соңунда ачык диалог болуп, анын жүрүшүндө угуучулар бардык кызыккан суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.
Эскерте кетсек, Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда журналисттердин жана судьялардын кесиптик этикасы маселеси көтөрүлгөн. Буга байланыштуу журналисттер менен судьялардын катышуусунда окутуу иш-чараларын биргелешип өткөрүү тууралуу сунуш түшүп, анын алкагында сот процесстерин чагылдырууда журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнүн маселелерин кароо пландаштырылган.








