KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

КР Эмгек сиңирген юристи Лариса Викторовна Гутниченко жеке китепканасынын китептерин Сот адилеттигинин жогорку мектебине тапшырды

24 июля 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби КР Жогорку сотунун отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Гутниченко Лариса Викторовнадан баалуу юридикалык адабияттардын жыйнагын алды.


Лариса Викторовна Сот адилеттигинин жогорку мектебине жеке өзү келип, мекеменин кызматкерлеринин катышуусунда салтанаттуу түрдө китептерди тапшырды. Жолугушуу майрамдык жылуу маанайда болду. Белекке берилген коллекцияга ар кайсы өлкөлөрдүн жарандык мыйзамдары боюнча сейрек басылмалар кирет, алардын арасында белгилүү профессорлордун жана укук жаатындагы таанылган адистердин кол тамгасы коюлган китептер да бар.


Мындан тышкары, Лариса Викторовна Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Базаралиева Анархан Мамбетовнага жана аталган мектептин окутуучусу Давлетбаева Мадина Акремовнага белек катары китеп тапшырды.


Жарым кылымдан ашык өмүрүн сот тутумуна арнаган Лариса Викторовна үчүн бул китептер билим булагы, кесиптик өсүүсүнүнө түрткү. Эми алар Сот адилеттигинин жогорку мектебинин китепканасынан орун алып, жаш юристтерге, угуучуларга жана окутуучуларга жеткиликтүү болот.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилиги жана коллективи Лариса Викторовнага Кыргыз Республикасында юридикалык билим берүүнү жана укуктук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти. Мындай демилгелер кесиптик салттарды сактоого жана илимий-билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.