Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча Комплекстүү окутуу программасы соңуна чыкты.
Лекторлор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, судьялар жана Сот департаментинин ошондой эле, жергиликтүү сот аппаратынын кызматкерлери болду.
Окутуу2025-жылдын 24 — 28-мартына чейин созулуп, беш күндүн ичинде угуучулар сот аткаруучулардын ишине түздөн-түз байланышкан ар кандай темаларды, ошондой эле этика, ишкердик баарлашуу, коррупцияга каршы саясат жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына байланыштуу темаларды окушту.
Мындансырткары, соттук психологияга, баарлашуу көндүмдөрүнө жана конфликтологияга көңүл бурулду.
ОкутуугареспубликанынбардыкаймактарынанСотдепартаментинин сот аткаруучуларкызматынынбөлүмдөрүнүнкызматкерлеричакырылган, бул өз кезегинде аларга тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди.
Окуунун аягында катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, анын жыйынтыгы боюнча квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды.