Бүгүн, 2025 жылдын 22-декарбында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биринчи жолу дайындалган жергиликтүү соттордун 22 судьясы үчүн Комплекстүү окутуу программасы аяктады.
Окутуу 2025-жылдын Окуу планынын негизинде 27-октябрдан 22-декабрга чейин өткөрүлдү.
Окутуу жарандык, кылмыш-жаза, административдик блокторду жана этико-деонтологиялык блокту камтыган ар тараптуу темалар менен коштолду. Бардык темалар Сот адилеттигинин лекторлору иштеп чыккан окуу куралдары менен коштолду. Лектор катары Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү соттордун судьялары ошондой эле, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары жана чакырылган лекторлор болушту.
Окуу 1 саат 40 мүнөткө созулган жыйынтыктоочу компьютердик тест менен жыйынтыкталды. Тесттин жыйынтыгы КР Судьялар кеңешине жиберилет. Тестирлөөдөн кийин судьяларга сааттардын санын жана алган баллын көрсөтүү менен окутуу программасын өздөштүргөндүгүн тастыктоочу белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык окууну аяктаган судьялар Конституциялык сотто, Жогорку сотто, апелляциялык инстанциядагы соттордо жана биринчи инстанциядагы соттордо такшалмадан өтүшөт. Такшалма тажрыйбалуу судьялардын жетекчилигинде өткөрүлөт.








