KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Экинчи инстанциядагы судьялар үчүн Комплекстүү окутуу программасын аягына чыкты

04 апреля 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби экинчи инстанциядагы жарандык коллегиянын судьяларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча эки жумалык Комплекстүү окутуу программасын аяктады.


Окутуу программасы судьялардын кесиптик көндүмдөрүн жакшыртууга жана алардын тажрыйбасын эл аралык стандарттарга жана улуттук талаптарга ылайык өркүндөтүүгө багытталган.


Эки жуманын ичинде судьяларга сот системасында көп жылдык тажрыйбасы бар тажрыйбалуу судьялар жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары ар кандай темаларда окутууларды өткөрүштү. Алгачкы эки күндө угуучулар судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларын, адам укуктарын коргоону жана алардын эл аралык, улуттук механизмдерин, ошондой эле сот системасындагы коррупцияга каршы саясатты окушту.


Судьялар иш практикасында туш болгон маселелерге да өзгөчө көңүл бурулду. Катардагы талаш-тартыштуу маселелерден, терең талдоону жана туура чечим кабыл алууну талап кылган татаал кырдаалдарга байланыштуу темалар да каралды.


Жыйынтыктоочу этапта угуучулар өткөн темалар боюнча тест тапшырып, жыйынтыгы КР Судьялар кеңешине жөнөтүлдү.


Окутуунун жыйынтыгы боюнча угуучуларга квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды.