KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

I жана II инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу аяктады

03 октября 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде административдик иштерди караган КР I жана II инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча Комплекстүү окутуу программасы аяктады.


Ага байланыштуу административдик доого жол берилишинин шарты катары даттанууну сотко чейинки кароо тартиби, сотто административдик иштерди кароо жана чечүү мөөнөттөрү; колдонуу маселелери жана көйгөйлөрү, материалдык же процесстик укук ченемдерди бузуу же туура эмес колдонуу; аппеляциялык тартипте соттун чечимин жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн негизи, жана башка ушул сыяктуу административдик иштерге тиешелүү темалар каралды.


Окутуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин сот отурумунун окуу залында практикалык мисалдар менен коштолду. Анын аягында катышуучулар компьютердик тестирлөөдөн өтүшүп, анын жыйынтыгы менен аларга күбөлүк берилди.